Читать книгу «Таза ойлор Так сөздөр» онлайн полностью📖 — Алымкан Камчыбековны Карбозовой — MyBook.
image

Үйдөгү, жумуштагы, окуудагы б.а. баардык жердеги тазалык – бул ден соолуктун тазалыгы. Канчалык жашаган үйүң ыңгайлуу болуп, баскан, турган жериң таза болсо, дене ошончолук сергек, чыйрак болот эмесби.

Үйдү тазалоо, комнаталарды желдетүү, кийимди таза жууп, үтүктөп кийүү бул, ар бир эле адамдын күнүмдүк жашоодогу милдети экени айдан ачык. Аны баарыңар түшүнөсүңөр.

Турмушта ар бир адам тазалыкты кандайча, кандай деңгээлде пайдалана алат? Ойдун тазалыгын сактоо үчүн эмне кылуу керек? Анын зарылдыгын түшүнүп алган пайдалуу. Күнүмдүк турмуштагы тазалык – бул, дененин, ички жана сырткы дүйнөңдүн, ойдун, сөздүн тазалыгы!

Үйдүн тазалыгы – бул ойдун тазалыгы!Демек, ден соолукта болгондугуң ошол. Бул өтө жөнөкөй жана көңүлдү анчалык бура бербөөчү нерсе: алган нерсеңди буюмуңду кайра ордунда койгонду билбегендик, ойлогон ойдун баш аламандыгы, үйдөгү же жумуштагы баш аламандык болуп эсептелет же эмнени каалаганды билбей ар нерсенин башын бир кармоо, ички дүйнөнүн баш аламан, тартипсиздиги. Күнүмдүк жашоодогу баш аламандык, бул жан дүйнөнүн жараланышы, ойдун бузулушунун башаты, баштаган иштин аягына чыга албастыгы, ийгиликке жетише албагандык, жашоодогу ар кандай жетишпестиктер мына ушундай себептерден башталат.

Күнөөлүүнү издээрден мурун, өзүңдү өзүң алыстан карап, эмне жасап жаткандыгыңды байкап көр. Азыркы акыбалыңды оболу кабыл ал, андан кийин башкача жасоого өт. Китептин кээ бир жерин кайталап окуу “жан дүйнөнү тазалоого, өзгөртүү киргизүүгө” жардам берет.

Сөздөрдүн кайталанышы “жан дүйнөнү тазалап, ар бир адамды өзү түзгөн программадан жана өзүнө жакпаган дүйнөдөн, жашоонун жаңы барагына, жеңил, кубанып жашоо ыргагына өткөрөт”. Өзүңдүн акыбалыңды кантип жасап алгандыгыңды түшүндүрөт. Албетте, бул нерсени өзү түшүнүп, турмуштук тажрыйбаңдан өткөрө билсең.

Ошондуктан, “өзүң менен өзүң иштөө, ар бир нерсени терең түшүнүүгө жол ачып, дененин эркин, ден соолукта жашоосуна жол ачат. Көнүмүш күнүмдүк жашоодогу ойду өзгөртүү өтө орчундуу маселе. Ага ар бир адам өзү күбө.

Бул китепти “кумир” тутуп жогору көтөрүүнүн же кемсинтүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, ар бир адам өз тажрыйбасынан алынган маалымат менен түшүндүрүп жазат. Жолдор ар түрдүү, бирок негизги жол бирөө. Ошондуктан ар ким ар кандай жол менен өзүн өзү таанып, жан дүйнөсүн тазалап жарыкка чыгарат, аң сзиминин деңгээлин жогору көтөрөт. Өзүнүн ким экендигин терең түшүнөт. Жашоонун маңызына маани берет. Жыйынтыгында адам денеси баардык жаралуулар менен тыгыз байланышта экендигин түшүнүп, өзүн бирөөдөн жогору же төмөн коюу эмнеге алып келээрин түшүнөт. Тең салмактуулукта, нетралдуулукта болуунун эмне үчүн керектигин түшүнөт.

Ошондуктан өзүңдү же башкаларды “кумир тутуу”– бул өз денеңди өзүң талкалоо менен барабар, себеби, башка дүйнөлөр менен болгон байланышың бузулат, жыйынтыгында ден соолугуңа өзүң зыян кыласың. Себеби, бир кана өзүңдү өзүң баарынан өйдө коюу– бул өз денеңди – таарынтуу экендиги анык. Ар бир айтылган сөз, ойлогон ой кайсыл башаттан чыкты, анын жашоодо өмүр сүрүшү ошол кана адамга таандык жана ал адамга түбөлүктүү кызмат кылат, б.а. “эмнени эксең ошону кана аласың”, ”эмнени Ааламга жөнөтсөң, ошол кана нерсе көбөйүп өзүңө кайтып келет”.

Ошондуктан менин жазган эмгегим мага да, окуган окурмандарымда да пайдалуу жагын тийгизээрин ниет кылам. Жаралган чыгарманы суугарып, жашоосуна жашоо улап, өмүр бере турган бир кана жаратуучу, ошол эмгектин ээси экендигин түшүнөм, себеби баардык нерсе энергиядан турат. Бирок, ар бир нерсени тамактандырып, өркүндөтүп, жаңылап туруу үчүн турмуштук тажрыйба керек. Менин турмуштук тажрыйбам “мен өзүм үчүн кана” басып өткөн жол. Ар кимдин баскан жолу ар кандай. Ошондуктан бул китепти окуган адам өзү каалаган керектүү, пайдалуу жагын кана алып калган жагын каалагандай түшүнсө болот. Ар бир адамдын, өнүгүү, өсүү жолу ар кандай. Каала макта, каала, ушакта, сында, ал сенин өнүгүү деңгээлиң. Кандай түшүнсөң ошондой жыйынтык аласың. А мен болгону билгендеримди окурмандар менен бөлүшкүм келди. Керектүүсүн пайдалан.

Мен дагы көп адамдардын турмуштук тажрыйбасынан пайдаланам, колдоном. Албетте, ыраазылык билдирем, ашыкча кетсем, кечирим суроо менен өзүмдүн, дүйнөмдүн өнүгүү, өсүү жагына пайдаланып, ниет кылып жашап жатам. Кимдердин турмуш жолу, эмгеги менен тааныштым, тажрыйбасын пайдаландым, өз жашоом менен айкалыштырып пайдаландым, ал жөнүндө китептин арасындагы сөздүрдүн маанисине жараша ар кайсыл барактарда жазылган окуялар менен таанышып, түшүнүк ала алаңар болот.

Ката кетирүүдөн эч ким гарантияланган эмес, ошон үчүн ар бир адам жаңылышууга акысы бар. Жаңылат, турмуштан тарбия алат. Ушул китеп аркылуу көргөн кемчилигиңер жөнүндө ар бириңердин ачык ойлоруңарды айтууга укугуңар бар. Ар бир адамдын жашоого болгон көз карашы ар кандай жана каалагандай бурмалай алат. Ниетиң өзүңө калыс болсун. Себеби, сени эч ким жазалабайт, аны сенин “намысың” кана жазалайт. Ошон үчүн өзүңдүн жасаган аракетиңди терең ойлонуп, түшүнүп жасаган ден соолука пайдалуу.

Албетте мындай акыбалга мен да көп жолу туш болгом. Мүмкүн болушунча мени мактаган же жамандаган адамдын мүнөзүн өзүм менен байланыштырып түшүнүүгө аракет жасайм.

Себеби, он адам чогуу отуруп сүйлөшө келсе он адамдын он түрдүү ою, жашоого болгон ар түрдүү көз карашы бар. Ошон үчүн бул китепте жазылгандын баары “эң туура” дегенден алысмын. Ар бир адам өзүнө пайдалуусун алат, ашыкчасын эмне кылуу керек экендигин өзүңөргө белгилүү.

Турмуштук тажрыйба деген эмне? Негизги, өзүңдүн тажрыйбаң качан болот?

Качан кана адам – өзү аркылуу, денеси аркылуу, “ өзүнө керектүү нерсени аң сезими менен сезип, түшүнүп» жашоодо колдоно алганда, өз колу менен жасай алганда, өзү жашап көргөндө кана болот. Ал нерсе – генге, канга, информациялык маалымат талаасына жазылат. Ден соолугуң чың болсун десең тажрыйбаңды “өзүңдүн денең аркылуу” өткөрө бил. Бул чындык.

Адам психологиясы жашоодо тогуз этаптан өтөт. Ошол этаптарды аң сезимдүүлүк менен түшүнүп, басып өтө ала албасаң, турмуштук тажрыйбаң жок болсо, айланып келип эле, ошол, билбей же жасай албай калган жерге келгенде, баткакка баткан сыяктуу тыгылып же айланпага түшкөн сыяктуу бир ордуңда туруп, мындан ары эмне кылаарыңды билбей калган болосуң.

Билген нерсени жасоо дайыма оңой жана тез болот.

Ал эми билбеген нерсени жасоо, андан өтүү эмгекти, аракетчилдикти, чыдамкайлуулукту, чыгармачылыкты, сезимталдыкты, кечиримдүүлүктү, талапсыз, чексиз сүйүүнү талап кылат.

Албетте, ар бир нерсенин башталышы кыйындай сезилет, бирок жасай берсең бара – бара көнүмүш адатка айланат. “Көз коркок, кол баатыр” – дегендей. Жашагың келсе, жашоонун кызыгын көргүң келсе албетте, алдыга умтулуу, өнүгүү, өсүү керек, ар бир секунданы баалап, ыраазы болуп жашоону үйрөнүү керек. Ансыз ооруу, картайуу, өлүмгө карай тез тездейт. “Аң сезимиңди” ойготуп, билим алуу жогорулоого жардам берет. Ал үчүн адамга маалымат керек, түшүнүү керек.

Мен жаңы ойдун агымына өткөндө окугандарымды конспектилеп, жаккан сөздөрдү түстүү боектор менен боеп, күнүгө комнаталардын ичине ар түрдүү өзүмө жаккан сүрөттөрдү, сөздөрдү жазып илип коюп, кайталап жүрдүм.

Бүгүнкү күндө да пайдаланып келем. Ойду башкаруу, сөздүн керегин тандоо – бул “чыгармачылык менен өзүң менен өзүң иштөө” дегендик. Өзүңдү өзүң жашоонун агымына жараша тарбиялап, ыңгайлашып, өзгөрүп барууга туура келет..

Көрүнүктүү жерге өзүмдүн жакшы маанайда, жаш куракта түшкөн сүрөтүмдү илип коюп, көңүл чөккөндө ошол сүрөттү карап, жакшы күндөрүмдү эстеп көңүлүмдү көтөрөм. Ал мага эмнени берет? Денени чындайт, энергиянын толкунун көз ирмемде өзгөртөт, сезимиң жакшырып, жаман ойдон көңүл көтөргөн кубанычтуу акыбалга өтөсүң. Ар бириңде кубаныч тартуулаган, бактылуу күн болгон да, ошондой акыбалдагы сүрөтүңдү тап, пайдалансаң болот. Бул психологиялык, эмоционалдык акыбалыңдын өзгөрүүсүнө сөзсүз жардам берет. Айрыкча жакын адамдарыңар аркылуу чын жүрөгүңөр менен маектешүү эффективдүү.

Өзүмдү көндүрүү, кайра тарбиялоо үчүн эки жыл тынымсыз окуган китептеримдеги сөздөрдү көчүрүп, түшүнгөнүмдү конспектилеп жазып жүрдүм. Азыр дагы улантам. Бул эсте сактап калууга жардам берет.

Адегенде кыйналдым. өмүр бою көнүмүш ойлордон арылуу кыйын болду, бирок , “ооруп жүргөн жакшыбы” же “эки жыл” аракет жасап, ден соолукту оңдоп, жашоомду жеңилдеткеним жакшыбы?– деп, оюм тескери жагына бурулганда эле өзүмө өзүм суроо берем. Жалкоолугум менен күрөшөм. Жиним келип жаман ойлор келе баштаганда өзүмө өзүм түшүндүрөм.

Танда?! “ Өлүм баардык адамдын башында бар. Ал сенин колуңду созгончолук аралыкта турат. “Жаным кыйналды” – деп айттың өлүм жаныңда заматта пайда болот. Каала ооруп, эртерээк өл, же өзүңдү өзүң кайрадан тарбиялап, жашооңду узарт, бул дене менен жашоого бир келесиң”, – деп өзүмдөн өзүм отчет сурап, кайратыма кирип, “чечим” чыгарып, “жашоону” кайра тандайм.

Мен жашагым келет! Мен жашагым келет! Мен жашагым келет! – деген жыйынтыкка келген чечимим мени жашоого алдыга жылдырып келе жатат!

Кээде “сени кыйнаган ким?”, “сени ким кой деди?”, “баарын жасаган өзүңсүң да” – деп күзгүгө карап, өзүмдү өзүм күлдүрчүмүн. Ооруп, кыйналган жакшыбы же кубанып жашаган жакшыбы? – деп күзгүдөн өзүмдү көргөндө суроо берем.

Албетте, бул нерсе менин “жан дүйнөмдүн өзгөрүшүнө түрткү берип, мен үчүн чоң төңкөрүш болду”. Эки жыл ичинде сүйлөгөн сөздөрүм өзгөрдү, а бирок ойдун өзгөрүүсү көп убакытты алып жатат, себеби, ар бир ойдун башаты, уюткусу ар бир клеткада жайгашкандыгын түшүндүм.Ошентип, өзүмдү өзүм талыкбастан “өзүм менен өзүм иштөөгө” эмгектенүүгө үйрөттүм. Төрт жыл өткөндөн кийин оюмда болгон нерселердин өзгөргөнүн сезе баштадым. Себеби, жашоом мен каалаган жагына өзгөрө баштады. Көзүм көргөн нерселер, жашоого керек кээ бир нерселерим ишке аша баштады. Жаным тынчтана баштады. Ошондон кийин менин эмгегим текке кетпегенин түшүндүм. Жасаган эмгегимдин мөмөсүн ала баштадым. “Күмөнсүрөөм” – “ишенимге” айлана баштады. Ал эми, “өзүңө өзүң ишенүү” белди бекемдеп, омуртканы түздөйт. Ал чындык.

Азыр болсо келген ойлорду филтирлеп, керек эмесин кабыл албоону үйрөнүп , тажрыйба кылып жүрөм же болбосо келген ойлорду жөн кана үстүртөн карай турган болдум. Ой деген ой да ал тынымсыз келип кете бере турган нерсе.

Ошентип, убакыт өткөн сайын “жан дүйнөмө” – позитивдүү сөздөр сиңип, бүгүнкү күндө автоматтык түрдө турмушта пайдаланып жүрөм. Көзүмө жаман нерселер эмес, жакшы нерселер көрүнө баштады. Себеби, “көңүлүм” мени сүйүндүрө турган нерселерге бурула баштады. Ой бузулганда, мурдагыга караганда тезирээк башка, мен каалаган нукка бурууну үйрөндүм, мүмкүн болушунча келген ойду ойлонуп пластинка сыяктуу айлантпоо керектигин терең түшүндүм. Албетте, эң сонун нерсе, келген ойду жөн кана кармап калбай кое берүү экендигин түшүндүм.. Ой келди, керектүү идеяны кабыл алдым, калганы токтоосуз кетти! Керексизин мээде айлантып ойлонбостон жөн кана коюп жибере турган болдум.

Айрыкча, өткөн күндү, кечинде уйкуга кетээр алдында бир сыйра элестетип, териштирип, керексизин, жагымсызын, кечирип, кечирим суроо менен денени бошотуп, жыйрылган булчуңдарымды жазып терең уйкуга кетүү адатка айланып бара жатат. Жатаарда телевизорду көрбөөгө аракет кылам. Ал нерсе өзүңдүн маалымат талааңды тазалоо үчүн керектигин бара-бара түшүндүм.

Мүмкүн болушунча денемди бош таштап уктоо, дененин түнү бою кайрадан өз калыбына келүүсүнө шарт түзөт, ден соолуктун өз нугуна келүүсүнө жардам берет. Дем алууну калыптандырат.

“Кечинде уйкуга жатаарда – “өзүмдү бактылуу сезип”, эртең менен “өзүмдү бактылуу сезип” турууну күнүгө ниет кылам”, себеби, аны канчалык көп жасасаң ошончолук өзүңө өзүң ыраазы болуп, кубанычтын сезими көбөйөт. Ал эми кубаныч, мелатониндин денеге өз нормасында бөлүнүп чыгуусуна шарт түзөт. Адам кубанган сайын кан айлануу жакшырат. Кан айлануу жакшы болсо адам өзүн чыйрак алып жүрөт.

Адамдар жөнүндөгү ойлорумду өзүмө жаккандай ага да мага да “кубаныч сезим” тартуулагандай ойлойм. Жыйынтыгында, адамдар мага ошондой мамиле жасап, мен өзүмдү жакшы сезе баштадым.

Ар бириңерге суроо???

Жашооңдо эмнелер болуп жатат, кандай жашоодо жашап жатасың? Ал күндөн күнгө көбөйүп күчөп бара жатабы же …? Аны күчтөндүрүп жаткан ар бир адам өзүбү же…? Күнөөлүүнү издеш керекби же…? Өч алуу, уят, күнөөлүү сезим, таарынуу, бийлик талашуу, ашыкча намыс ж.б.у.с. денеге пайдабы же зыянбы?

Ооруунун, аба ырайынын өзгөрүүсүнүн башаты кимден башталышы мүмкүн?

Менин айтайын дегеним “ойдун тазалыгы”, “сөздүн тазалыгы” жөнүндө, бул дагы ден соолуктун эң негизги – булагы, дененин жеген тамагы, өткөргөн нуру. Эмесе, ушул эки сөз жөнүндө кыскача түшүнүк бере кетейин.



[А] Аалам ден соолуктун толкунунда! Аалам өз жайында!